Өткөн айда биригишкен үч саясатчы – Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Акматбек Келдибеков бүгүн Жалал-Абад шаарында эл менен жолугушууда. “Курманбек” стадионунда күндүз саат эки жарымда башталган жыйынга байкоочулардын баамында үч миңдей адам чогулду.
Кыргызстандагы таасирдүү кишилеринин катарындагы үч саясатчы бириккенин 30-ноябрда жарыялашкан.Алар бир партияда, бир талапкер менен президенттик шайлоого барышарын маалымдашкан. (SE\RsK)