ЕККУ Түркмөнстанды "Азаттыктын" кабарчысын бошотууга чакырды

Худайберди Аллашов.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму "Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы Худайберди Аллашовдун камакка алынышына байланыштуу расмий Ашхабадды сындап, журналистти токтоосуз бошотууга үндөдү. Уюмдун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятовичтин 6-декабрдагы билдирүүсүндө түркмөн бийлиги журналисттердин коопсуздугун камсыздашы керектиги айтылган.

Аллашов 3-декабрда Дашогуз облусунда кармалган. Полиция кызматкерлери аны сагыз тамекини сактаган деген айып менен сабап, үй-бүлөсү менен бирге кармап кеткен. Ушундай эле күнөө кабарчынын энесине да коюлган. Кийинчерээк Аллашовдун жубайына полиция ал 11 килограмм сагыз тамеки сактаганын моюнга алды деп билдирген. Бирок, үй-бүлөсү күч органдары аны күчтөп моюнга алдырды деп эсептешет. Буга чейин түркмөн бийлиги өлкөдө чылым чегүүгө тыюу салган. Ага карабай, сагыз чылым Түркмөнстанда кеңири жайылган. Аны колдонуп, сактагандарды камакка алуу буга дейре кезиккен эмес.