Казакстан: Башкы прокуратуранын алдында бир аял өзүн өрттөдү

Казакстандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, аял үч курбусу менен имараттын көзөмөл өткөрүү бөлүмүнө жакын келип, тыш кийимин чечип үстүнө бензин чачып өрт койгон. Анын кадамы «күтүүсүз» болгон жана өзүнө өрт койгонго чейин «андай ишке баруу боюнча эч кандай ниетин билдирген эмес».

Жергиликтүү ММКлар учурда аял оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканын жазып чыгышты. Анын 48 жаштагы Рысманова аттуу жаран экени аныкталды. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал 28 жаштагы уулуна чыгарылган өкүмгө макул болбой, өзүн өрттөгөн. Былтыр жайында жабырлануучунун баласы маңзат сактаган деген айып менен төрт жарым жылга соттолгон.