Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев Орусиянын “Голос” долбоорунун чейрек финалына өттү. Кезектеги турда Примбердиев орусиялык шоу-бизнестин жылдызы, калыстардын мүчөсү Дмитрий Билан кураган топ менен сахнага чыкты.
Бул турда Примбердиев белгилүү америкалык ырчы Тина Тернердин «The Best» чыгармасын аткарды.
Биландын командасында Примбердиевден тышкары Алена Поль жана Оксана Казакова чыгып, өз өнөрүн тартуулады. Жыйынтыгында Дмитрий Билан мындан аркы долбоорду Примбердиев жана Оксана Казакова менен улантууга токтолду. (SDz)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.