Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымдашынча, түрк жараны 1-декабрда Казакстандан Кыргызстанга “Актилек” чек ара бекети аркылуу кирүүгө аракеттенген. Текшерүүнүн жүрүшүндө чек арачылар анын тышкы паспорту жасалма экенин аныкташкан.
Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган чет элдик жаран УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.(ZKo)