Нооруз ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине кирди

Ноорузду майрамдоо.

Нооруз майрамы ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жана каттоо тизмесине кирди.

Эфиопия борбору Аддис-Абебада 28-ноябрда ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин чогулушу башталган. Анын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдер 2-декабрда жарыяланат.

21-мартта белгиленчү Ноорузду ЮНЕСКОго Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Иран, Индия, Ооганстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Туркия, Ирак жана Пакистан сунуштаган.

Нооруз түрдүү элдерде ар кандай –Новруз, Нав-враз, Неороз, Наурыз, Навруз, Невруз деп аталат.

Буга чейин ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жана каттоо тизмесине кыргыздардан "Манас" эпосу, Айтыш, Боз үй, Эл акындары, Ала кийиз-шырдак, жупка нан кирген. (SE)