Елисеевдин узартылган лицензиясын КСДПнын өкүлү жеткиргени айтылууда

Артем Иванов.

Алексей Елисеевдин узартылган лицензиясын ага Бишкек шаардык кеңешине учурда КСДПдан талапкер болуп жаткан Артем Иванов жеткирген. “Азаттыктын” өздүк булактары билдиргендей, 2010-жылдын 1-июлунда ал Елисеевдин ишеним катынын негизинде лицензияны жеткирип берген.

Артем Иванов “Азаттыкка” бул тууралуу комментарий берип жатып, кылмыш ишине байланыштуу маалыматтарды сыртка чыгарууга акысы жок экенин билдирди. Лицензияны жеткирүү боюнча суроого жооп берүүдөн баш тартты.

26-ноябрда Башкы прокуратура Максим Бакиевдин жакын өнөгү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу фактысына байланыштуу кылмыш ишин козгоп, ишти териштирүүнү Улуттук коопсуздук комитетине тапшырган.

Елисеев Апрел ыңкылабынан соң өлкөдөн чыгып кеткен. Ага бир нече кылмыш иши козголуп, сыртынан узак мөөнөткө соттолгон.