Медакадемиянын кызматкери өз жанын кыйды

Иллюстрация

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын кызматкери асынып алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, окуя 28-ноябрда түшкү саат үчтөрдө катталган. Кызматкер улуттук госпиталдын бөлмөлөрүнүн биринде өзүнө кол салган.

Учурда милиция окуянын чоо жайын териштирип жатат.