Окумуштуулар: байыркы коралл рифтери жок болууда

Коралл рифтери. Австралия

Австралиялык окмуштуулар кораллдын мындай көлөмдө жок болуусу буга чейин болуп көрбөгөнүн айтып, буга океан суусунун жылый баштаганы себеп болду деп эсептешет.

Австралиянын кораллдарды изилдөө борбору эң катуу жабыркаган аймак катары түндүк тараптагы 700 чакырымдык аралыкты атады. Изилдөөчү Эндрю Бейрд быйылкы жылкы кораллдардын жабыркоосу 1998-жылдагы оор абалга салыштырмалуу оор жана кеңири экенин билдирди.

Австралиянын экология министри Жош Фриденберг коралдар аянты акыркы жылдары 19% көбөйгөнүн билдирген эле. Бирок климаттын өзгөрүүсү жана Ел Нино натыйжасы быйылкы жылы өзүнүн терс таасирин көбүрөөк тийгизгени айтылууда. Кораллдар Австралиянын түштүк-чыгыш жээктеринде 2300 чакырымдай аймакка созулуп, турист жана аквалангисттерди өзүнө тартып келет. (AiT)