Шахмат боюнча дүйнө чемпиону норвегиялык Магнус Карлсен менен анын орусиялык атаандашы Сергей Карякин Нью-Йорк шаарындагы акыркы таймашка камылга көрүүдө. Ишембиде өткөн 11-оюн тең-тең аяктап, учурда эки оюнчунун ар бири 5,5 упай менен үзөңгүлөш келатат.
Дүйнө чемпионун аныктай турган акыркы 12-беттеш дүйшөмбү күнгө белгиленди. Эгер ал оюнда жеңүүчү аныкталбаса, анда 30-ноябрда тай-брейк же ылдам жүрүштөр менен коштолгон оюн болот.
25 жаштагы Карлсен 11-ноябрда башталган таймаштарды тез эле утат деп күтүлгөн. Бирок 26 жаштагы Карякин тең-тең аяктаган жети оюндан кийин 8-оюнду жеңип алган. Карлсен 10-оюнду утуп, упайларды теңдеген.
Карлсен 2013-жылы индиялык Вишванатан Анандды жеңип, дүйнө чемпиону наамын алган.