Бишкек-Ош жолундагы жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Төө-Ашуу

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 26-ноябрда кан жолдун тоолуу аймактарында борошолоп жааган кардан жана тайгактан улам чектөө киргизилген. Учурда бардык унаалар чектөөсүз жүрүп жатат.

Ошондой эле министрлик кечээтен тарта жаап жаткан карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош авто унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-90 чакырымдарында, Нарын-Казарман авто унаа жолундагы Кара-Көө ашуусу жана Каракол-Эңилчек автожолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү ыктымал экенин жана кар күрткүсү күтүлөрүн эскертүүдө.(BkA)