Интернеттин баасы боюнча материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү

Интернеттин тарифин негисиз көтөрүү боюнча “Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчилигине байланыштуу материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өткөргөн жыйында белгилүү болду. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, премьер Жээнбеков “Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчиси интернет провайдерлер менен макулдашып алып, интернеттин акысын көтөргөн факты далилденсе, тиешелүү жетекчилерге укуктук баа берилерин билдирди.

Буга чейин парламенттеги маселени иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия “Кыргызтелекомдун” жетекчилиги Казакстандагы интернет провайдерлердин бири менен келишип алып, өлкөдө дүйнөлүк желеге бааны негисиз көтөргөнү далилденгенин айтып чыгышкан эле.

​Эки ай мурун Казакстандын Байланыш агенттиги дүйнөлүк желеге кирүүгө бааны үч-төрт эсе көтөрөрүн Кыргызстанга расмий билдирген. Анда “Кыргызтелекомдун” жетекчилиги казак тарап мындай шарт койгону үчүн келишим түзүүгө аргасыз болгонун билдирген.

Бирок кыргыз өкмөтүнөн жана байланыш операторлордон атайын топ Алматыга барып сүйлөшүү жүргүзүп, эски баа калыбында калган.