Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте Улуттук Олимпиада Комитетинин башкы ассамблеясынын отчеттук жыйыны болуп өттү. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Нурдин Султамбаевдин айтуусунда, жыйында аталган уюмдун төрт жыл ичинде аткарган иши тууралуу баяндама жасалып, комитеттин жетекчилик орундарына талапкерлерди шайлоо жүрдү.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында комитеттин президенттигине жалгыз талапкер болгон Шаршенбек Абдыкеримовду УОКтун 45 мүчөсү бир добуштан колдошту.
Биринчи вице-президент болуп Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов шайланды.
Вице-президенттик орундарга көрсөтүлгөн Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Анварбек Оморканов, Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт боюнча башкармалыктын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов жана Кикбоксинг федерациясынын президенти Александр Воиновдун талапкерлиги жактырылды.
Ошондой эле аткаруу комитетинин мүчөлөрү да аныкталды. Ага Каныбек Осмоналиев, Орзубек Назаров, Уланбек Ахматбаев, Семетей Султанов, Самсон Балян, Нурлан Токоноев, Садыр Мамытов, Кабыл Макешов, Шаршен Касенов жана Алексей Коневдин талапкерлиги сунушталган.
Улуттук Олимпиада Комитетине спорттук уюмдардын, спорттук федерациялардын жетекчилери жана чыгаан спортчулардан турган 45 адам мүчө.
"Аю" компаниясынын негиздөөчүсү, Спорттук күрөш федерациясынын президенти, Жогорку Кеңештин V чакырылышында "Республика" партиясынан депутат болгон Шаршенбек Абдыкеримов УОК президенти болуп 2015-жылы 29-майда шайланган эле.
Ага чейин бул комитетти маркум Мурат Саралинов жетектеп келген. (ECh).