Таласта үч адамдын өлүмүнө шектүү айдоочунун иши сотко өттү

Талас

Таласта жол кырсыгынан набыт кеткен үч адамдын өлүмүнө себепкер болду деп кармалган 22 жаштагы жарандын иши бүгүн сотко жиберилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Талас шаарынын прокурору Анарбай Мамажакыпов билдирди.

Айып Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде коюлду.

Бир ай мурун Таласта "Тойота" үлгүсүндөгү автоунаа алдында бараткан "Мерседести" сүзүп алган. Натыйжада Бакай-Ата районунун үч тургуну кырсык болгон жерден мерт кетип, жүргүнчүлөрдүн экөө ооруканага түшкөн. (AlS)