Кыргызстанда балдардын эмгегин пайдалануу учурлары азайып калды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Расмий маалыматка караганда, 2007-жылы 483 миң бала, башкача айтканда 18 жашка чейинки кыргызстандыктардын 33% киреше табуу максатында жумушка тартылчу.
Ал эми 2014-жылы бул көрсөткүч 28% түздү.
Бул күндөрү Бишкекте Түркия жана Тажикстандан келген адистер менен балдардын эмгегин пайдаланууга каршы талкуу өтүп жатат.
Жолугушуу Эл аралык эмгек уюмунун "Борбор Азияда балдар эмгегин жоюу" долбоору боюнча уюштурулду. (RK)