Депутат карды таяк менен күбүп түшүрүүнү сунуштоодо

Бишкекте калың жааган кардан бак-дарактарды сактап калыш үчүн үстүндөгү карды таяк менен күбүп түшүрүү керек. Мындай сунушун бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргызстан" фракциясынан депутат Кубанычбек Нурматов айтты:

- Эккен чоң-чоң парктарыбыз, Эркиндик сыяктуу көчөлөрүбүз бар.Көп деле эмес. Төрт райондун акимдерине тапшырма бериш керек. Кар жааганда таяк менен эле түшүрүп койсо болот да. Канча жылдан бери өсүп, эми жакшы болуп калган дарактар жыгылып жатат. Бир түндө эле кагып койсо болот.

Өткөн апта соңунда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, кар көп жаады. Бишкекте айрым жерлерде кардын оордугуна туруштук бере албаган бак-дарактар кулап, сынып калды. (RK)