Өмүркулов: Шайлоочуларды ташып добуш бердиртүү токтогон

Иллюстрация

Кыргызстанда шайлоочуларды ташып келип добуш бердирүү сыяктуу көрүнүш токтогон. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Депутаттын белгилешинче, биометрикалык каттоо боюнча добуш берүү бир адамдын бир нече жолу добуш берүүсүнө жол бербейт.

Бүгүн парламент жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бул өнөктүк таза жүрбөй жатканын айтып, бийликти сындаган болчу.

11-декабрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтөт.(RK)