Кардан кайышкан дарактар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте калың жааган кар күрөлбөй, жылдагыдай жол тыгындарынан сырткары быйыл кулаган бактар чоң көйгөйгө айланды. Төрт күн аралыгында сексенге чукул дарак тамыры менен кулап, эки жүздөй бактын бутагы сынып түштү. Кулаган бактар машинелерди басып калды. Адистер шаар бийлиги бак-дарактарга талаптагыдай кам көрбөгөндөн улам ушундай кырдаал жаралганын айтып жатышат. Тиешелүү жетекчилер илимпоздордун сын пикирин четке кагууда.