Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы үгүт тобуна 100 миң сом которду. Бул тууралуу маалыматты Султанов "Азаттык" радиосуна ырастады.
Кылычбек Султанов Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесине каршы болуп, Кыргызстандын Малайзиядагы ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотуу өтүнүчү менен быйыл 17-августта президенттин атына арыз жазып, иштен кеткен.
Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда өтөт. Оппозиция жана жарандык коом бул аракет бийликти узурпациялоого алып барат деп каршылык билдирип келе жатышат. (NT)