"Кыргыз кереметине" 75 жыл

​Алексей Баталов Кыргыз ССРинде өткөн кинематографисттердин III съездинде. Солдо актриса Даркүл Күйүкова. 1975-жыл.

 

"Кыргызфильмдин" режиссеру Геннадий Базаров съемка учурунда. Сүрөттүн автору -Жоробаев. 1989-жыл.
 

Төлөмүш Океевдин "Махабат закымдары" тасмасын тартуу учурунда. Ортодо кинооператор Нуртай Борбиев. Сүрөттүн автору - А. Федоров. 

 

Кыска метраждуу "Бул кайгы эмес" тасмасы, 1970-жыл. Режиссер - Яков Бронштейн. Башкы ролдо - Советбек Жумадылов.

Болот Шамшиевдин "Ак кеме" фильмин тартуу учуру. 1975-жыл. Сүрөттүн автору -  А. Федоров.

 

"Жоро" фильмин тартуу учуру. А.Бергункер, 1964-жыл. Сүрөттүн автору - Бибиков.

"Уркуя" фильмин тартуу учурунда. Режиссер Төлөмүш Океев. 1971-жыл. Сүрөттүн автору - Мамбеталиев. 
 

Үсөнжан Ибрагимовдун "Аманат" тасмасынан кадр. 1978-жыл. 

"Саманчынын жолу" фильминен кадр. Геннадий Базаров. Толгонайдын ролунда - Бакен Кыдыкеева.

 

"Ак кеме" тасмасынын бет ачары. 1975-жыл. Сүрөттүн автору - П. Чесноков. 

 

Режиссер Болот Шамшиев монтаж бөлмөсүндө. 1972-жыл. Сүрөттүн автору - В. Утешев.

Тасмадан кийинки талкуу. "Кыргызфильм" киностудиясы. 1974-жыл. Сүрөттүн автору -В.Утешев. 

 

"Чатыр-Көл" кинотеатры. Ат-Башы айылы. 1970-жыл. Сүрөттүн автору - Н.Жиганов. 

 

Режиссер Михаил Шерман жана оператор Карим Абдыкулов. 1966-жыл.

Мурат Жергелбаев өзү тарткан фильмдин пленкасын карап турат. №28 мектептин 10-классынын бул окуучусу сатиралык тасмасы менен киносүйүүчүлөрдүн республикалык сынагында баш байгени жеңип алган. 1964-жыл. 
 

"Токтогул" фильминен кадр. 1959-жыл. Сүрөттүн автору  - Байбалов.

Режиссер Болот Шамшиев жаш киносүйүүчүлөр менен, 1979-жыл. Сүрөттүн автору- В. Морев. 

"Кыргызфильм" студиясында тартылган "Эки коёнек" мульфильминен фрагмент. 1983-жыл. Сүрөттүн автору - Е. Петрийчук. 
 

"Кыргызфильмдин" кызматкери Болотбек Жумалиев мултьфильмдин кантип тартыларын айтып берүүдө. Сүрөттүн автору - Е. Петрийчук.
 

"Кыргызфильмдин" механиги В. Харламов. 1979-жыл. Сүрөттүн автору - Л. Свердлов. 

"Кыргызфильмдин" оператору Т. Мамбеталиев.1979-жыл. Сүрөттүн автору - В. Лазарев.

Геннадий Базаровдун тасмасын тартуу учурунда. 1968-жыл. Сүрөттүн автору - В. Биркин.

1927-жыл. "Жабык араба" - өзбек кинематографисттери тарткан Кыргызстандын тунгуч фильми. Анда Айжамал аттуу кыздын бактысыз сүйүүсү баяндалат. Башкы каарманды Кусеин Карасаевдин жубайы Айша Карасаева ойногон. 
 

Орусиялык киноактриса Надежда Румянцева ("Кыздар", "Бензоколонканын ханышасы" ж.б. тасмаларда тартылган) Кант районундагы Лебединовка мектебинин окуучулары менен. 1965-жыл. Сүрөттүн автору -Толмачев. 

Нарын районундагы кинофикциянын ага механиги Чокоев менен механиктер Дуйшенбиев жана Садыков жайлоодогу малчыларга көргөзүү үчүн тасма тандашууда. 1963-жыл. Сүрөттүн автору - Клейменов.