Оштогу форумга коңшулар келбеди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ошто өткөн “Фергана соода-экономикалык форумуна” Тажикстан менен Өзбекстандан ишкерлер келе албай калышты. Уюштуруучулар муну чек ара бекеттериндеги келишпестиктерден улам деп түшүндүрүштү. Бирок ушунун өзү деле кошуна өлкөлөрдүн экономикалык алакасы жакын арада жакшырбай турганынан кабар берип тургансыйт.