Литвада Орусиянын РТР-Планета мамлекеттик телеканалынын эфири үч айга токтотулду. Буга ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский менен уюштурулган маек себеп болду. Интервьюда Жириновский антиамерикалык көз карашын билдирген. Литва бийлиги саясатчынын сөздөрү бөлүнүп-жарылууга себеп болорун, согушту тутантышы мүмкүндүгүн белгилеп, каналдын ишмердигине тыюу салды.
Буга чейин да бир катар этикадан тыш сөздөрү менен таанылган Орусия Мамлекеттик Думасынын депутаты Жириновский телеканалда эгер АКШ күчтөрү Орусия чек арасына жакындаса, “экипаждары менен кошо күйүп күл болорун” белгилеген.
Литва аталган телеканалдын ишине мурда да тыюу салган учурлар болгон. Өкмөт Москва медиасы өлкөдө Орусия пропагандасын күчөтүп, экиге бөлүнүүгө жол ачат деп кооптонот.
Литвада орус тектүүлөрдүн саны жалпы элдин 6 пайызын түзөт. (SE)