Бул тууралуу аталган партиянын лидерлеринин бири Нурланбек Шакиев “Азаттык” радиосуна билдирип, муну “Республика – Ата Журт” тандеми бузулганы менен байланыштырды. Азыр партия Жалал-Абад, Кадамжай, Кочкор-Ата шаарларында жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга даярданууда:
- Тең төрагалар Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов өткөн апта соңунда жолугушуп, тандемди бузушту. Буга былтыр өткөн парламенттик шайлоодон кийин “Республика” партиясынын лидери бир катар келишимдерди аткарбаганы себеп болду. Тандемди жокко чыгарууну талкуулап жаткан кезде Бабанов биз койгон аргументтерди толук болбосо да көпчүлүгүн моюнга алды. Кийинки шайлоодо “Ата Журттун” атын кошпой турган болду.
Тандем бузулганын парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын өкүлдөрү да ырасташты. Эки партия 2014-жылы октябрда биригип, “Республика - Ата Журт” партиясын түзгөн болчу. Былтыр күзүндө парламенттик шайлоого катышып, экинчи болуп келген. Азыр Камчыбек Ташиев жетектеген “Ата Журт” партиясы Адахан Мадумаров жана Акматбек Келдибеков менен биригип жатканы расмий кабарланды. (NT)