Астанадагы аяздан улам мектептер жабылды

Астана шаары.

Казакстан баш калаасы – Астана шаарында суукка байланыштуу мектептердеги окуу убактылуу токтотулду. Мэриянын сайты 17-ноябрда кабарлагандай, сууктун күчү -30 градуска чейин жетүүдө.

Мектептердин убактылуу жабылганы тууралуу эскертүүлөр жашоочуларга уюлдук байланыштагы атайын тиркемелер аркылуу кабарланууда. (SE)