"Басмачылар" баяны: ачылбаган барактар
Көргөзмөдө “басмачы” деп кулакка тартылган лидерлердин да буга чейин жарыкка чыкпаган сүрөттөрү тизилди.
Сүрөттөрдү ушул багытта илим жактаган окутуучу Жолдошбек Бөтөнөев Кыргызстандын жана Орусиянын архивдеринен таап чыккан.
Көргөзмө совет мезгилинин тушундагы туура эмес саясаттын курмандыгы болгон лидерлердин чыныгы жүзүн объективдүү ачып берүү максатын көздөйт.