Болот Шамшиевге ТҮРКСОЙдун алтын медалы ыйгарылат

Режиссер Болот Шамшиев

Түрк дүйнөсүндөгү кинону өнүктүргөнү жана үзүрлүү эмгеги үчүн Болотбек Шамшиевге ТҮРКСОЙдун алтын медалы ыйгарылат. Медалды расмий тапшыруу аземи эртең 17-ноябрда Шамшиевдин 75 жылдык юбилейинде Түрксойдун башкы катчысы Дуйсен Касеиновдун катышуусунда өтөт.

Кыргыз кинорежиссеру, СССРдин жана Кыргызстандын эл артисти Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда төрөлгөн. Өзүнүн чыгармачылыгында “Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, “Манасчы”, “Чабан” жана башка документалдуу жана көркөм тасмаларды тарткан. (SDz)