16-17-ноябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, аягында кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Автожолдор тайгак, тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз +2...+7,
Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз +1...+6,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +8...+13,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз +5...+10,
Нарын облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз +4...+9 градус жылуу.
16-ноябрда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Бирок, эртең менен күндүз жаан жаап, аягы карга айланышы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 0…2°, күндүз 4…6° жылыйт.