Мурдагы президент Роза Отунбаева Талас облусунда студенттер менен англис тилинде жолугушуу өткөрүүдө. Иш-чара Талас мамлекеттик университетинде уюштурулуп, ага биринчи жана экинчи курстун студенттери катышууда.
Экс-президент балдарды чет тилдерде билим алууга, Ата Мекенди сүйүүгө чакырды. Отунбаева аймактарга англис тилин жайылтпаса, анын кедергиси туризмди өнүктүрүүгө тиерин белгиледи. (AlS)