Бүгүн Риффа шаарынын улуттук стадионунда Бахрейн өлкөсү Кыргызстан менен футбол боюнча жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынын расмий сайты билдирди.
Бахрейн учурдагы дүйнөлүк рейтингде 123-орунда жайгашкан, ал эми Кыргызстан 99-сапты кармап келет.
Оюн кечки саат 21:00дө башталат. Кыргызстан менен Бахрейн акыркы жолу 2013-жылы ойноп, кыргыз футболчулары 3-1 эсебинде үстөмдүккө ээ болушкан. (SDz)