Ысык-Көлдө “Манасчылар борбору” ачылды

Тыныбек Жапый уулу, манасчы.

Ысык-Көлдүн Тоң районунда “Манасчылар борбору” ачылды. Ал манасчы Тыныбек Жапый уулунун урматына өзү туулган Кайнар айылында курулду. Борбордун алдында музей жана “Манасчылар үйүн” тургузуу пландалууда.

Район акимчилиги билдиргендей, манасчынын тукумдарынын демилгеси менен ачылган комплексте адабий жыйындар өтүп, адамдар чыгармачылык менен алектенишет.

Тыныбек Жапый уулу XIX-XX кылымдагы белгилүү манасчылардан болгон. (AsM)