Болгария: президенти шайланып, премьери кызматтан кетти

Болгариядагы президенттик шайлоонун экинчи турунда 59,4% добуш менен орусиячыл талапкер Румен Радев жеңди.

Жыйынтык белгилүү болгон соң өлкөнүн премьер-министри Бойко Борисов кызматынан кеткенин жарыялады. Буга анын "Жарандар Болгариянын европалык өнүгүүсү үчүн” партиясынан чыккан талапкер Цецка Цачева жеңилгени негиз болду. Цачева 36,2% добушка ээ болгон.

Радев Орусияга карата санкцияларды алып салууга чакырып, ошондой эле Евробиримдиктин миграциялык саясатына каршы чыгып келет.

Беш жылга шайланган президент кийинки жылдын 1-январынан ишке кириши керек.