Бишкектин Свердлов райондук Ички иштер бөлүмүнөн качып кеткен Рамазан Ляхунов изделип жатат. Ал 11-ноябрда тергөөгө келген кезде изин жашырган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Шаардык милициянын басма сөз кызматынын өкүлү Мира Абдылдаева билдирди:
- Изделип жаткан жаран 21 жашта. Ляхунов Рамазан Керимович – Токмок шаарынын тургуну. Ал каракчылыкка шектелип кармалган болчу. Суракка келген учурда качып кеткен.
Милиция сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендерди укук коргоо органдарына маалымат берүүсүн суранат.