“Карек” фестивалына тасмалар тандалды

Режиссер Сүйүн Откеев "Карек" фестивалынын статуэткасы менен.

Балдар жана өспүрүмдөрдүн "Карек" аттуу республикалык кинофестивалына тасмалар тандалып бүттү. Сунушталган 87 фильмден 23 киного жолдомо берилди. Анын төртөө — анимациялык, алтоо — даректүү жана 13 — оюн багытында. Бул фильмдер эми элге көрсөтүлүп, 6-12 жана 13-17 жаштагы балдар арасында тогуз номинацияда жеңүүчүлөр аныкталат:

-Мыкты оюндук фильм.

-Мыкты анимациялык фильм.

-Мыкты документалдык фильм.

-Мыкты режиссер.

-Мыкты сценарист.

-Мыкты оператор.

-Мыкты жаш актер.

-Мыкты жаш актриса.

-Мыкты монтажчы.

Фестиваль 14-ноябрда Бишкектеги “Кыргыз киносу” кинотеатрында ачылып, 15-ноябрда “Манас” кинотеатрында жыйынтыкталат.

Иш-чара Тарых жана маданият жылына жана кыргыз киносунун 75 жылдыгына арналган.

Кинематографисттер бирикмеси өткөрүп жаткан фестиваль быйыл алгач ирет уюштурулууда. "Бул менин дүйнөм!" деген темадагы иш-чарада 6-17 жаштагы чыгармачыл балдар жана өспүрүмдөрдүн эмгектери тартууланат.