5-ноябрда Бишкектеги өрттү өчүргөндөр сыйланды

Бишкектеги өрт.

Май сакталган кампада чыккан өрттү жыйырма саат ашуун убакта өчүргөндөрдү Бишкектин мэри Албек Ибраимов сыйлап, көрсөткөн күжүрмөндүктөрү үчүн ыраазычылык билдирди. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, өрт өчүрүүчүлөр Урмат Сариев, Рустам Осмоналиев, Камчыбек Райымбеков, Азамат Курмушев, Жусуп Жумалиев, Канат Молдосанов, Улан Аскаров, Чынгыз Картаңбек уулу мэриянын Ардак грамотасы менен сыйланышты. Ал эми Токтобек Өмүров, Нурлан Шарипов, Зарылбек Алжановго мэр алкыш жарыялады.

Өрт өчүрүүчүлөрдү Ардак грамота менен Ленин районунун акими Нурдин Тынаев да сыйлады.

Өрт өчүрүүчүлөргө акчалай сыйлыктар да берилди.

5-ноябрь күнү түшкү саат бир ченде Бишкектин батыш тарабында жайгашкан мотор май кампасында өрт чыккан. Жүздөн ашуун тонна май сакталган кампадагы өрттү өчүрүүгө сегиз өрт өчүрүүчү бригада, Бишкек шаардык суу чарба башкармалыгынан эки суу ташуучу унаа, Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам тобу жана борбор калаанын куткаруу кызматынын жумушчулары катышкан.(ZKo)