Бүгүн шаар кеңешке талапкерлерди каттоо аяктайт

Шайлоо үкөгү.

11-ноябрдан тарта саясий партиялардын шаардык кеңештерге көрсөтүлгөн талапкерлери үгүт иштерин жүргүзүүгө укуктуу.

Ал эми айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 20-ноябрда аягына чыгат. 21-ноябрдан тарта үгүт иштери башталат.
Бардык талапкерлер үгүт иштерин 10-декабрь күнү саат 8:00де токтотууга милдеттүү.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда өтөт.(ZKo)