Атамбаев: “Эл бузарларды” ээрчибегиле

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев Ошто курулган ден соолукту чыңдоо комплексинин ачылышында тургундарды ынтымакка, биримдикке чакырды. Мамлекет башчы ошондой эле “эл бузар саясатчыларды” ээрчибегенге үгүттөдү. Бирок “эл бузарлар” кимдер экенин ачык айткан жок. Ош шаарындагы аскерлер шаарчасына “Кыргызстан Газпром” ишканасы куруп берген ден соолукту чыңдоо комплексинин ачылышынан кийин президент Баткенге иш сапар менен кетти.