9-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактардын автожолдору тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 8...13 градус жылуу.
Таласта түнкүсүн -3...-8 градуска төмөндөп, күндүзү 7...12 градус жылыйт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнүсүн -2...+3, күндүзү 11...16 градус жылуу.
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7 градус суук, күндүзү 3...8 градус жылуу.
Мал киндиктүү Нарында түнкүсүн -10...-15 градуска чейин төмөн, күндүзү 3...8 градус жылуу.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1...5, күндүзү 7...12 градус жылуу.