Кыргызстанда 8-ноябрда жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактардын жолдору тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз 8...13;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, күндүз 7...12;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2...+3, күндүз 11...16;
Баткен облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 11...16;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8;
Нарында түнкүсүн -10...-15, күндүз 3...8 градус жылуу.
Бишкекте 8-ноябрда жаан-чачын жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн -1...-3 градус, күндүз 10...12 градус жылуу болот.