Стамбулда камалган журналисттерди колдогон акция таркатылды

Түркиядагы сөз эркиндигин колдогон акция.

Оппозициялык "Жумхуриет" басылмасынын камалган журналисттерин колдоп чыккан демонстранттарды таратуу үчүн полиция суу аттыргыч менен көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

5-ноябрда аталган басылманын тогуз кызматкери камакка алынган. Алар Гүлен менен байланышта болгон жана күрт куралдуу түзүмдөрүн колдогон деп айыпталууда.

16-июлга оогон түнү Түркияда куралдуу төңкөрүш аракети болуп, ишке ашкан эмес. Эрдогандын бийлиги анын артында диниятчы Фетхуллах Гүлен турат деп бекемдеп, аны менен байланышы бар деп шектелген миңдеген кишини камакка алган. Гүлен өзү бул айыптоону четке кагып келет.