Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанды безгексиз өлкө деп тааныды. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюмдун өлкөдөгү координатору Ярно Хабихт маалымдады. Чиркейден жугуучу малярия дарты азыркы тапта Африка чөлкөмүндө кеңири жайылууда.
Кыргызстанда 2011-жылдан бери бул илдет каттала элек. Аны менен күрөшүү жаатында Саламаттык сактоо министрлиги ДССУ менен чогуу иш алып барууда. Бүгүн Кыргызстанга “Безгексиз өлкө” аттуу эл аралык сертификат берилди. (BCh)