4-6-ноябрь күндөрү жаачу кардан улам Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Каракол-Эңилчек, Барскон-Ак-Шыйрак унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жаралууда. Кар борошосу уруп, жолдорго муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы жолдо жүрүү эрежеси, коопсуздукка белгиленген 500 метр аралык сакталышы керек.
5-ноябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, Ысык-Көл ойдуңунда 18-23 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3...-8, күндүз +3...+8,
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +5...+10,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -1...-6,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -6...-11 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн -3…-5, күндүз + 4…+6 градус жылуу.