Ооганстандагы операцияда АКШнын эки аскери мерт болду

Кундуз шаары.

Ооганстандын түндүгүндөгү операция маалында АКШнын эки аскери мерт болуп, дагы экөө жаракат алды. НАТО билдиргендей, бул аскерлер Кундуздагы талиптердин позицияларын тазалоону көздөгөн ооган күчтөрүнө жардам берип жатканда атышууга кабылган.

НАТО жана АКШнын Ооганстандагы командири Жон Николсон мындай кайгылуу окуяларга карабастан, ооган өнөктөштөрүнө колдоо улана берерин белгиледи.

Бул окуя Кундуздагы коопсуздук маселесин кайра күн тартибине чыгарды. Өткөн айда талиптер бул шаардын борборуна кирип келишкен болчу.

АКШнын Ооганстандагы миссиясы 2014-жылы дээрлик аяктаган. Бирок ооган армиясына жардам берүүчү атайын даярдыктагы саналуу аскер топтору калган. (KKs)