УКМК алдында акция өттү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Камактагы оппозициячылардын туугандары, тарапкерлери, жарандык активисттер Бишкектеги Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдына чыгышып, аларды бошотууну талап кылышууда. Чогулгандар абактагылардын сүрөттөрүн жана "боштондук берилсин" деген ураандарды көтөрүп турушат. Ошондой эле алардын "саясий туткунга" айланганын айтышып, бийликти сотту ачык өткөрүүгө чакырышты. Оппозициячылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматовду бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен быйыл май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы кармаган.