Екатеринбургда ВИЧ эпидемия деңгээлине жеткен деген сөздөр чындыкка дал келбейт

Орусиядагы жыныстык ооруларды аныктаган лаборатория.

Орусиянын Екатеринбург шаарынын саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн расмий өкүлү ВИЧ инфекциясына чалдыккандардын саны эпидемия деңгээлине жеткендиги тууралуу билдирүүсүн артка кайтарып алды. Татьяна Савинова 2-ноябрда “эпидемия” деген терминди медиктердин кырдаалга көз карашын чагылдыруу үчүн колдонгонун, шаарда эпидемия жарыяланбаганын айтты. Буга чейин саламаттыкты сактоо департаментинин жетекчи орун басары Савинова калаа калкынын 1,8 проценти ВИЧти жуктуруп алганын билдирген. Эксперттер андай адамдардын бардыгы эле медициналык мекемелерге кайрылбагандыктан, бул сан мындан да жогору болушу мүмкүн дешет.

1,4 миллион калктуу Екатеринбург Орусиянын төртүнчү ири шаары.