Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөнүнүн 15 жылдыгына карата өкмөт башчылардын деңгээлинде саммит өтөт. Ага катышуу үчүн уюмга мүчө өлкөлөр - Кытай, Өзбекстан, Орусия, Казакстан жана Тажикстандан премьер-министрлер Бишкекке келишти.
Андан тышкары, Беларус, Ооганстан, Иран, Пакистан, Монголия жана Индиядан расмий өкүлдөр да катышат. Жыйын мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өтөрүн өкмөттөн кабарлашты.
Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы түзүлгөн. Ага мүчө алты өлкөнүн президенттери жана өкмөт башчылары жыл сайын ар кайсыл мамлекеттерде саммитке чогулуп турушат.
Уюмдун кызматташуусунун негизин терроризмге каршы күрөш, экономикалык карым-катыш, маңзат бизнесинин алдын алуу маселелери түзөт. (SE)