Бүйүр кызыткан Баш мыйзам талкуулары

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү мыйзамын үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзам долбоорду талкуулоо курч мүнөздө өтүп, маселе айланасындагы жаңы жагдайлар белгилүү болду. Мурда Баш мыйзамды колдоп келген айрым саясатчылар оюнан кайтса, айрымдар бийликтин кысымы болуп жатканын шардана кылды. Ал эми буга чейин көпчүлүк коалицияга өтөт делген “Республика-Ата Журт” фракциясы саясий альянска кирүүдөн баш тартты.