Орус басылмасы словениялык мэрден кечирим сурады

Зоран Янкович

Орусиядагы ири басылмалардын бири “Российская газета” жалган маалымат бергени үчүн Словениянын борбору Люблянанын мэри Зоран Янковичтен кечирим сурады. Гезит Янковичке шилтеме кылып, “Словения Крымды Орусиянын бөлүгү катары тааныган алгачкы Европа өлкөсү” деп жазган.

Словениянын Москвадагы элчилиги макалага нааразылык билдирип, расмий Любляна Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойт жана Орусиянын Крымды тартып алышын тааныбайт деп эскерткен.

Натыйжада “Российская газета” 31-октябрдагы санында макаласына түзөтүү киргизүүгө аргасыз болду. (KKs)