Диний активист Арсен Байзаковду сабап кетишти

Арсен Байзаков.

Диний активист Арсен Байзаков 31-октябрда Бишкекте белгисиз бирөөлөр жыгач менен желкеге чаап кеткенин, азыр башы ооруп республикалык бейтапканада жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди. Дарыгерлер анын башы чайкалганын айтышкан. Ал муну өзүнүн диний багыттагы ишмердигине жана "экстремист" деп айыпталгандардын укугун коргоо менен алектенгенине байланыштырууда. Байзаков Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны мыйзамсыз экспертиза жүргүзүп жатат деп эсептейт. 4-ноябрда мына ушул комиссияга каршы Ак үй алдында тынч жыйын уюштурганы жаткан:

- Мыйзам боюнча Дин комиссиясынын экспертиза чыгарууга укугу жок экен. Бирок алар аны бузуп, бизге карата экспертиза чыгарган. Быйыл апрелде ИИМ менин үйүмдү Шамсуддин Абдыкалык уулунун китебин издейбиз деген жүйө менен тинтип, ноутбук жана башка китептерди алып кетишкен. Аны Дин комиссиясына өткөрүп беришип, аталган мекеме биздин укук коргоо комитетин "экстремист", "такфирчилердин" катарына кошуптур. Алардын бүтүмү боюнча "Ислам мамлекети" тобунун мүчөсү болушубузга аз калыптыр.

Окуядан кийин ооруканага Бишкектин Биринчи Май райондук милиция кызматкерлери келишип, жабырлануучу арыз жазган. Бирок милиция бул боюнча кийинчерээк маалымат берилерин кабарлады. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев экспертиза укук коргоо органдарынын материалдары алынып келгенден кийин тыянак чыгарып берерин жана анын мыйзамдуу экенин билдирди.

Шамсуддин Абдыкалык уулу диний чөйрөдө салафи көз карашты, салафизмди жактаган дин аалымы катары таанымал. (NT)