Ооганстан: жанкечтинин жардыруусу алты адамдын өмүрүн алды

Нангархар провинциясындагы жардыруу уюштурулган жер.

Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясын байырлаган уруулардын аксакалдары өткөрүп жаткан жыйында уюштурулган жанкечтинин жардыруусунан алты адам мерт кетти.

Провинциянын борбору Жалалабад шаарында болгон окуя үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өз мойнуна алып, жардыруудан 15 киши набыт болгонун билдирди.

Аймактын губернаторунун маалымат катчысы Аттаулах Хогианинин “Азаттыктын” ооган кызматына билдиришинче, аксакалдар жергиликтүү талаш-тартыштарды чечүү үчүн топтолушкан.

Жарадар болгон аксакалдардын биринин айтымына караганда, жанкечти алгач туш келди ок чыгарып, андан соң өзүн жардырып жиберген.