Ренат Самудинов: КСДПда кемчиликтер орун алууда

Иллюстративдик сүрөт.

Бул тууралуу Социал-демократтар партиясынын жаштар канатынын лидери Ренат Самудинов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, 29-октябрда аталган партиянын Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөн жыйыны коррупция көбөйүп кеткенин айгинеледи:

- Жыйынга чейин талапкерлер тизмесин сыр катары сакташты. Аны ачык жарыялашкандан кийин тизменин түзүлгөнүнө нааразылар чыкты. Мен жана партиялаштарым ага кирген айрым талапкерлердин ысымдарын биринчи жолу уктук.

Ренат Самудинов шаардык кеңешке боло турган шайлоо тизмесинде арт жакка жылып кеткенине байланыштуу андан чыгып кеткенин да кошумчалады.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-декабрга белгиленген. (NT)